Бүгүн 19-декабрда Бишкек шаарындагы Ак-Ордо конушунда 750 окуучу орунга ылайыкталган мектепке капсула салуу аземи болуп өттү.
Иш-чарага Мамкурулуш агенттигинин директору Нурдан Орунтаев жана Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиев катышты. Жаңы салына турчу мектеп республикалык бюджеттин эсебинен каржыланып Мамкурулуш агенттиги тарабынан курулууда.
Долбоор боюнча мектеп 3 кабаттуу окуу корпус, 4 блоктон турат. Мектептин архитектуралык планында негизги окуу класстардан тышкары химия жана физика лабараториясы, компьютердик класстар китепкана, китеп сактоочу жайы, китеп окуу залы, ашканасы менен курулат. Ошондой эле, балдарды ар тараптан өнүктүрүүгө металл жана жыгач, кездемелерди иштетүү бөлмөлөрү, аскерге даярдоочу класстар, курал жарактарды сактоочу жайы, стоматология, дарыгердин бөлмөсү, валейбол, баскетбол жана гимнастика үчүн машыгуу залдары да каралган. Объекттин жалпы аянты 6495 чарчы метрди түзөт.