Бүгүн, 20-декабрда Т.Сатылганов атындагы Улуттук Филармонияда Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун катышуусунда III Элдик курултай өтүүдө. Курултайга мамлекеттик органдардын өкүлдөрү жана республиканын 7 облусунан 700дөй делегат катышууда. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттиги делегаттардын кайрылууларын бардык Мамкурулуш агенттигинин тармактары боюнча кабыл алып жатат.
Аталган иш-чаранын биринчи өлүгүндө Мамкурулушка 60 кайрылуу келип түшүп, эң көп суроолор архитектура, социалдык объектилерди куруудагы маселелер, архитектуралык курулуш контролдоо жана башка ушул сыяктуу тармактар боюнча берилүүдө.
Курултайдын делегаттарын Мамкурулуш агенттигинин директору Нурдан Орунтаев жана анын биринчи орун басары Самат Джантелиев жеке кабыл алышты.