Мамкурулуш агенттиги тарабынан Нарын облусунун Ак-Талаа районунун Ак-Талаа айылында 150 орунду А.Турдакунов атындагы мектептин курулушу аяктап калды. Мектептин курулушу 2023-жылы республикалык бюджеттин эсебинен башталган, тендердик баасы 85,6 млн сомду түзөт.
Долбоор боюнча 4 блоктон турган 2 кабаттуу окуу корпус, спорт зал, өтмө галерея бар. Мындан сырткары негизги класстардан башка китепкана, дарыгердин кабинети, ашкана, актовый зал каралган. Мектептин жалпы аянты 1352 чарчы метр.
Бүгүнкү күндө мектептин курулуш-монтаждоо иштери 90 пайызга бүткөрүлдү.