icon__chevron-right icon__clock icon__file icon__log-out.svg icon__map-pin icon__phone icon__plus icon__search Ресурс 1 Ресурс 2

Мамкурулуштун директору Н.К. Орунтаев курулуш кранынын айдоочусу Гүлжан Тургуналиеваны сыйлады.

Мамкурулуштун директору Нурдан Орунтаев “Азаттык” радиосунун “Данисте - Курулуштагы мээнеткеч каармандар” берүүсүнүн каарманы Гүлжан Тургуналиеваны чакырып, аны мекеменин жогорку сыйлыгы — “Ак ниет кызматы үчүн” төш белгиси менен сыйлады.

Гүлжан Тургуналиева он жылдан ашык убакыттан бери курулуш кранын башкарып келет. Учурда ал “Royal Construction” курулуш компаниясында иштеп, Бишкектеги 27 кабаттуу үйдүн курулушуна өз салымын кошууда.

КР Мамкурулуш агенттигинин жетекчилиги жана жалпы жамаатынын атынан Нурдан Орунтаев Гүлжан Тургуналиевага анын өз ишине берилген эмгеги, кесипкөйлүгү жана өлкөнүн курулуш тармагын өнүктүрүүгө кошкон зор салымы үчүн ыраазычылык билдирди.