Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин алдындагы Мамлекеттик экспертиза департаменти толук түрдө санариптештирүүгө өттү.
Мамэкспертизадагы жаңы санариптик чечимдердин жардамы менен, алыстан жол артып кыйналбай, жарандардын жүгү кыйла жеңилдеди.
Мындан ары кагаз түрүндө долбоордук сметалык документтерди кабыл алуу токтотулуп, бир гана электрондук форматта жеке кабинети (портал) аркылуу долбоордук сметалык документтерди тапшыруу мүмкүнчүлүгү түзүлдү.
Акыркы мөөнөт - кагаз түрүндө долбоордук сметалык документтерди кабыл алуу 2025-жылдын 15-январына чейин созулат.
Суроолор боюнча номер: +996 706 226 337; +996 706 260 399. +312 312650; +312 312676.