Мамкурулуш агенттиги тарабынан Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун Дархан айылында бала бакчанын курулушу бүткөрүлдү. Объекттин курулушу 2022-жылы республикалык бюджеттин эсебинен башталып, наркы 66,1 млн сомду түзөт.
Долбоор боюнча 100 орунга ылайыкталган эки кабаттан турат. Заманбап шартта салынган группалык таалим алуу, ойноо жана уктоо бөлмөлөрү, ашкана, дарыгердин кабинети бар. Объекттин жалпы аянты 873 чарчы метрди түзөт.