Мамкурулуш агенттиги тарабынан Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районундагы Ак-Дөбө айылында жаңы заманбап бала бакчанын курулушу бүткөрүлдү. Айыл тургундары үчүн инфраструктураны өнүктүрүүдө маанилүү кадам болот. Жаңы бала бакча бардык заманбап стандарттарга ылайык курулду.
Долбоор боюнча бала бакча эки кабаттан турат жана 100 орунга ылайыкталган. Тайпалык окуу, оюн жана уктоо бөлмөлөрү, ашкана, дарыгердин кабинети, кабыл алуу кабинети жана оюн аянтчасы каралган.
Бала бакчанын курулушу 2023-жылы республикалык бюджеттин эсебинен каржыланып, наркы 75 млн сомду түздү.