Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директору Нурдан Орунтаевдин демилгеси менен Мамкурулуштун кызматкерлери үчүн ыңгайлуу шарт түзүү максатында иш бөлмөлөрүн талапка жооп берүүчү абалга келтирүү боюнча оңдоп-түзөө иштери аткарылууда.
Учурда имараттын 3-4-5-кабаттарын жасалгалоо боюнча иш-аракеттер активдүү жүргүзүлүп жатат.