Мамлекеттик курулуш агенттигинин директору Орунтаев Нурдан Кемелович Ош шаарындагы Урицкий көчөсүндө жайгашкан 720 орундуу И.Раззаков атындагы мектептин курулушу менен таанышты.
Объекттин курулушу 2013-жылы башталгып, курулуш объектиси Мамлекеттик бюджеттен каржыланууда.
Учурда мектептин тышкы жасалгалоо иштери болсо толугу менен бүткөрүлүп, ичин жасалгалоо иштеринин 85 пайызы аткарылылды. Окуу корпусунун курулуш жумуштарын бүткөрүү 2023-жылдын декабрь айына пландаштырылууда.