Чүй облусуна караштуу Аламүдүн районунун Төмөнкү-Аларча айылында 375 орундуу мектептин курулушу 90 % бүткөрүлүп, жакынкы арада ишке берилет. 2 кабаттуу мектептин пайдубалы-монолиттүү темир бетондон,
дубалдары- базальт изоляциясы менен кирпичтен салынган. Мектепте сапаттуу билим берүү үчүн бардык шарттар каралып, заман талабына ылайык салынууда.