Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттиги, Билим берүү жана илим министрлиги жана ошондой эле Бишкек шаарынын мэриясы тарабынан жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү менен биргеликте Бишкек шаарындагы №18 жана № 59 мектеп-гимназияларынын жаңы салынган кошумча имараттарына пресс-тур уюштурулду.
№18 мектеп-гимназиясынын кошумча имаратынын курулушу 2019-жылы башталып, республикалык бюджеттин эсебинен каржыланган. Жаңы салынган эки кабаттуу имараттын жалпы аянты - 1544,0 м2. Окуучулар үчүн бардык шарттар каралган: окуу класстары, медициналык кабинет, ашкана, химия жана биология кабинеттери, лабораториялык класстар түзүлгөн. Азыркы учурда жаңы корпуста биринчи сменде – 451, ал эми экинчиде 304 бала билим алууда.
Ал эми жаңы корпустар салынган мектептердин экинчиси - № 59 мектеп-гимназиясында 2400дөн ашуун бала окуйт. 150 орунга эсептелген жалпы аянты 1072,6 м2ты түзөт. Курулуш иштери толук мамлекеттик бюджеттин эсебинен жургүзулгөн. 2 кабаттуу заманбап талаптарга жооп берген кошумча корпуста кабинеттик класстар, чет жана орус тил кабинеттери, өнөр каана каралган. Андан сырткары, химия жана биология лабораториялык кабинеттери түзүлгөн.