КР Министрлер Кабинетине караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин алдындагы Мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо Департаментинин кадрлар резервине киргизүү үчүн коюлуучу квалификациялык талаптар
Административдик кызмат орундарынын кенже тобу үчүн:
Жетектөөчү адисинин (бухгалтер) административдик мамлекеттик кызмат ордуна төмөнкүдөй типтүү квалификациялык талаптар белгиленет - 1 бирдик (М-А)
1. Кесиптик билиминин деңгээли: - жогорку экономикалык билим, бухгалтердик эсеп жана аудит.
2. Иш стажы жана тажрыйбасы: - иш стажына талаптар коюлбайт.
Жалпы мыйзамдарды билүүсү:
1) Кыргыз Республикасынын Конституциясы;
2) “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө”;
3) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 03.03.2020-ж. № 120 токтому менен
бекитилген “Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча
типтүү нускамасы”.
Предметтик мыйзамдарды билүүсү:
- Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексин.
- Кыргыз Республикасынын төмөнкү мыйзамдарын:
- “Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө”;
- “Бухгалтердик эсеп жөнүндө”
- Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин 2018-жылдын 25-
декабрындагы №137-п буйругу менен бекитилген Мамлекеттик башкаруу
секторунда бухгалтердик эсепти жана финансылык отчетту жүргүзүү боюнча
жобону;
Топко тиешелүү көндүмдөр:
Билгичтиги:
- түзүмдүк бөлүмдөрдүн көйгөйлөрүн талдоо, божомолдоо, жалпылоо, мониторинг жүргүзүү, контролдоо жана аларды чечүүгө жаңы ыкмаларды киргизүү;
- кызыкчылыктардын кагылышына алып келүүчү көйгөйлүү кырдаалдарды өз убагында аныктоо жана чечүү;
- коюлган милдеттерди чечүүдө новатордук ыкмаларды колдонуу үчүн
мүмкүнчүлүктөрдү издөө;
- өз ишин жана түзүмдүк бөлүмдүн ишин натыйжалуу пландаштыруу;
- ведомстволор аралык өз ара аракеттенүү; - чыр-чатактуу кырдаалдарды жөнгө салуу.
- маалыматты жыйноо, талдоо, системалаштыруу жана жалпылоо; - аналитикалык документтерди даярдоо;
- кесиптештер менен натыйжалуу кызматташуу;
- иштиктүү сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү;
- эмгектин жаңы шарттарына адаптациялашуу.
Көндүмдөрү:
- аналитикалык жана стратегиялык документтерди иштеп чыгу
- маалыматты талдоо, системалаштыруу жана жалпылоо;
- ченемдик укуктук актылар менен иш алып баруу жана аларды практикада колдоно билүү;
- компьютердик жана уюштуруу техникасын, зарыл болгон программалык продуктуларды колдоно билүү Microsoft Office (Word,Excel) Интернет, 1С программасын.
- ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды практикада колдонуу;
- ишти пландаштыруу жана жумуш убактысын туура бөлүштүрүү;
Конкурска катышуу үчүн төмөнкү документтерди тапшыруу зарыл:
- жеке арыз; - сүрөтү менен резюме (уюлдук номерин жана электрондук почтасын көрсөтүү менен);
- өздүк таржымал (соттуулугу бар же жок экендиги жөнүндө маалыматтарды көрсөтүү менен);
- нотариалдык күбөлөндүрүлгөн диплом жана кошумча билимин тастыктаган дипломунун (бар болсо) көчүрмөлөрү;
- нотариалдык же акыркы иштеген жери боюнча күбөлөндүрүлгөн эмгек китепчесинин көчүрмөсү (эмгек стажы бар болсо);
- илимий даражаны жана илимий наамды (бар болсо) ыйгаруу жөнүндө документтердин көчүрмөлөрү;
- паспорттун көчүрмөсү.
Документтерди кабыл алуу убактысы:
2024-жылдын 14-октябрынан баштап 25-октябрын кошо алган күнгө чейин саат 9:00-17:00 чейин.
Документтерди кабыл алуу орду:
Бишкек шаары, Манас проспектиси 28, 5-кабат, 505а кабинети.
Байланыш номери 0555-67-19-62, 0770-67-19-62 ватсапп, (0312)31-25-47