КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНЕ КАРАШТУУ АРХИТЕКТУРА, КУРУЛУШ ЖАНА ТУРАК ЖАЙ-КОММУНАЛДЫК ЧАРБА МАМЛЕКЕТТИК АГЕНТТИГИ

Чүй облусунун Ак-Башат айылында жаңы мектеп ачылды

Чуй облусунун Ак-Башат айылындагы С.Усубалиев атындагы мектеби 2022-жылдын 30-сентябрында салтанаттуу түрдө ачылды Республикалык бюджеттин эсебинен бүткөрүлгөн Чуй облусунун Москва районунун Ак-Башат айылындагы Сабыркул Усубалиев атындагы мектеби, Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин өкүлдөрүнүн, Кыргыз Республикасынын Президентинин Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басарынын жана жергиликтүү бийликтин катышуусунда 2022-жылдын 30-сентябрында салтанаттуу түрдө ачылып, пайдаланууга тапшырылды.

Ысык-Көл облусунун Боз-Учук айылындагы мектептин курулушу 80 % даяр

  Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунун Ново-Вознесеновка Боз-Учук айылындагы жаңы мектептин курулушунун даярдыгы 80% ды түзөт. Бүгүнкү күндө подряддык уюм тарабынан ички жасалгалоо иштери, сырткы фасадтын декорациялары жана аймакты көрктөндүрүү боюнча жумуштары жүргүзүлүүдө. Эске салсак, мектептин долбоордук кубаттуулугу 375 орунду түзөт. Иштин бекитилген графигине ылайык, курулуш иштери ушул жылдын аягына чейин бүткөрүлөт.

Мамкурулуш Баткен облусунда талкаланган объекттерди изилдөө иштерин ая...

  КР Министрлер Кабинетине караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттиги КР Министрлер Кабинетинин Төрагасы А. Жапаровдун тапшырмасына ылайык, кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасындагы чыр-чатактын натыйжасында талкаланган социалдык-маданий маанидеги объектилердин жана жеке турак жайлардын долбоордук-сметалык документациясын даярдап изилдөө иштери жүргүзүп жатат. Белгилей кетсек, Мамкурулуштун жумушчу тобу ар бир социалдык объекттин изилдөө иштерин, долбоордук-сметалык документациясын кылдаттык менен даярдап жатат. 28.09.2022-ж…. Read more »

Мамлекеттик экспертиза департаменти «Мамлекеттик тил күнүнө» карата ма...

Мамлекеттик экспертиза департаменти «Мамлекеттик тил күнүнө» карата майрамдык иш-чарасын өткөрдү. Мамэкспертиза департаментинин жамааты маданий-агартуу программасын уюштурду. Анда окуу үчүн сунушталган кыргыз тилиндеги окуу китептери жана илимий материалдары жамаатка сунушталды. Белгилей кетсек, Мамкурулушта «Мамлекеттик тилдин бир айлыгы» атту иш-чаралары аткарылып жатат.

Мамкурулуш директору АӨБ өкүлдөрү менен жолугушту

2022-жылдын 9-сентябрында, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директору Нуртазин Джетыбаев Кыргыз Республикасындагы Азия Өнүктүрүү Банкынын өкүлдөрү менен жолугушуу болуп өттү. Жолугушууда кызматташуу жана суу менен камсыздоо, саркынды сууларды чыгаруу жана ТЖКЧ жаатындагы биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу маселелери талкууланды. Н.Джетыбаев белгилегендей, эл аралык институттардын колдоосу менен ишке ашырылып жаткан мындай долбоорлорду ишке ашырууда… Read more »

Мамкурулуш тарабынан Ош шаары боюнча 1 037 000 сом айып пул салынды

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттиги төмөнкүлөрдү билдирет. “Шаар куруу жана архитектура жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын талаптарын бузуулар аныкталгандыгына байланыштуу, Кыргыз Республикасынын “Укук бузуулар жөнүндө” Кодексинин 144-беренесине ылайык Ош шаары боюнча архитектура-курулуш көзөмөлү башкармалыгы тарабынын 1 037 000 сом өлчөмүндө административдик айып салынды. Мамкурулуш куруучулардан архитектура жана шаар куруу жаатындагы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын… Read more »

Мамкурулуш жаңы футболдук стадион курула турган жерде даярдык иштерин ...

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директору Нуртазин Джетыбаев Бишкек шаарындагы жаңы футболдук стадиондун белгиленген жериндеги курулуш иштеринин жүрүшүн текшерди. Учурда тосмо жана жер үстүндөгү конструкцияларды орнотуу иштери жүрүп жатат. Ошондой эле долбоорлонуп жаткан футбол стадионун куруунун варианттарын, анын ичинде чет элдик инвестицияларды тартуу менен карап чыгуу процесси жүрүп жатат.   “Мамкурулуш жаңы… Read more »

Жалал-Абад облусунун Сузак районунун Кара-Алма айылындагы мектебинин ...

Жаңы мектеп 2 кабаттуу окуу корпусунан жана спорттук залдан турат. Жалпы аянты 2965,7 чарчы метрин түзгөн билим берүү объектинин долбоордук кубаттуулугу 225 орунга эсептелген. Бүгүнкү күндө объекттин курулуш даярдыгы 83 пайызды түзөт. Подряддык уюм тарабынан негизги курулуш жумуштары бүткөрүлгөң, бүгүнкү күндө актап сырдоо жумуштары аткарылууда. Белгилей кетсек, аталган объекттин сметалык наркы 85 млн 197 миң 490 сомду түзөт. Быйылкы жылы… Read more »

1 2 3 4 55
ГОСУДАРСТВЕННОЕ АГЕНТСТВО АРХИТЕКТУРЫ, СТРОИТЕЛЬСТВА И ЖИЛИЩНО-КОММУНАЛЬНОГО ХОЗЯЙСТВА ПРИ КАБИНЕТЕ МИНИСТРОВ КЫРГЫЗСКОЙ РЕСПУБЛИКИ.© 2022
Наш адрес:
Кыргызская республика, г.Бишкек, проспект Манаса 28
Почтовый индекс: 720001
Телефон: +996 (312) 31-29-00
Факс: +996 (312) 61-34-52
Общественная приемная: +996 (312) 31-29-22
Общий отдел: +996 (312) 31-29-24
E-mail: pressa@gosstroy.gov.kg