Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигине караштуу Мамлекеттик долбоорлоо институтунун Долбоорлорду иштеп чыгуу бөлүмүнүн кызматкерлеринин Нарын облусунун Ат-Башы районуна болгон кезектеги иш сапары жыйынтыкталды.
Иш сапардын жыйынтыгында Ат-Башы районунун Кара-Суу, Дыйкан, Казыбек, Жаны-Куч, Ача-Кайыңды, Баш-Кайыңды,Большевик, Өзгөрүш, Талды-Суу, 1-Май, Терек-Суу, Калинин жана Бирлик айылдарынын башкы пландарынын долбоорлорун иштеп чыгуу боюнча алгачкы маалыматтар чогултулуп, аткарууга алынды.