Ак-Талаа районунун шаар куруу жана архитектура боюнча башкармалыгы тарабынан Ак-Талаа районунун Баетов айылында жайгашкан маалыматтык-жарнактарды, убактылуу жеңил объекттерди ирээтке келтирүү (инвентаризациялоо) максатында райондук кызматтардын катышуусунда көчмө жумушчу комиссия түзүлдү.
Жумушчу комиссиянын жүрүшүндө чарба жүргүзүүчү субъектилердин ээси тарабынан бир катармыйзам бузуулар аныкталган. Буга байланыштуу Ак-Талаа районунун шаар куруу жана архитектура боюнча башкармалыгы чарбалык субъектилердин ээлерине тиешелүү түшүндүрүү иштерин жүргүзүштү