2024-жылдын 26-февралында КР Мамкурулуш агенттигинин директору Н.К Орунтаев Чүй регионалдык шаар куруу жана архитектура боюнча башкармалыгынын ишмердүүлүгүн текшерди.
Текшерүүнүн жүрүшүндө Н.К Орунтаев аталган башкармалыктын долбоорлоо бөлүмү жана бирдиктүү терезе бөлүмү менен таанышып, андан сырткары жер мунапысы боюнча жүргүзүлүп жаткан ишмердүүлүктү көзөмөлгө алды.