2024-жылдын 28-февралында Кыргыз Республикасынын Мамкурулуш агенттигинде Мамкурулушка караштуу башкармалыктарынын жана департаменттеринин кызматкерлерине финансы жаатындагы ишмердүүлүгүн санариптештирүү боюнча окутуу болуп өттү.
Кыргыз Республикасынын Президентинин “Мамлекеттик башкаруу чөйрөсүндө санариптик трансформацияны андан ары өркүндөтүү боюнча чаралар жөнүндө” Жарлыгына ылайык, улуттук экономиканын тармактарына санариптик башкаруу механизмдерин киргизүү мамлекеттик саясаттын артыкчылыктуу багыттарынын бири болуп саналат.
Жүргүзүлүп жаткан окуунун негизги максаты, финансылык эсеп-кысап кагаздарды санариптештирүү, көргөзүлгөн кызматтарга төлөнүүчү төлөмдөрдү ирээттүү жүргүзүү жана башка ушул сыяктуу төлөмдөрдү жүргүзүү жаатындагы иштерди жакшыртууга багытталган.