2024-жылдын 23-мартында, КР Мамкурулуштун кызматкерлери ишембилик өткөрүштү.
Ишембиликке Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин жетекчилиги катышышты.
Ишембиликтин алкагында борбор шаарыбыздын Чортеков/Айни көчөлөрүнүн кесилишинен баштап Ахунбаев көчөсүнө чейин жолдун айланасындагы чачылган таштандыларды, арыктарды толтурган ар кандай зыяндуу чөптөрдү тазалашты.
Жаздын келишин улай, Мамкурулуштун регионалдык башкармалыктары дагы ишембиликке активдүү катышарын айта кетебиз.