icon__chevron-right icon__clock icon__file icon__log-out.svg icon__map-pin icon__phone icon__plus icon__search Ресурс 1 Ресурс 2

И. Раззаков шаарындагы К. Баратов жолунун сапаты талапка жооп бербегендиги аныкталды

Раззаков шаарынын Жаштык кичи районундагы К.Баратов көчөсүнүн батыш тарабына карай асфальт төшөлгөн жолдон ары карай таштак жол болуп кеткен. Бирок бүгүнкү күндө ошол жолго жаңыдан асфальт төшөө максатында жолду тегиздөө үчүн ылай аралашкан кир шагыл төшөлүп тегизделген.

Бүгүнкү күндө жаңыдан төшөлгөн шагыл жолдун бир канча жерлери жумшак абалда ылай болуп чөгүп кеткен, эгерде ошол төшөлгөн шагылдын үстүнө асфальт төшөлсө, анда асфальт төшөө нормалары бузулду деп эсептелет. Себеби, асфальт төшөө негизги талаптары боюнча асфальттын негизин таза болгон кумдуу шагыл аралашмасын (ГПС) салып тегиздеп, андан соң кийинки процедуралары кетет.

Баткен региондук мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо башкармалыгы тарабынан, Раззаков шаарынын мэриясына аталган жолго асфальт төшөө боюнча кайсы ишкана менен келишим түзүлгөн болсо, сапаттуу жол салуу үчүн жайына барып кетирилген кемчиликтерди жоюу боюнча техкөзөмөл менен тыгыз иш алып барып, кайрадан оңдоп түзөө боюнча эскертме берилди.