icon__chevron-right icon__clock icon__file icon__log-out.svg icon__map-pin icon__phone icon__plus icon__search Ресурс 1 Ресурс 2

Чүй регионалдык мамлекеттин архитектура-курулуш контролдоо башкармалыгына жаңы жетекчи дайындалды

Чүй регионалдык  мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо башкармалыгына жаңы жетекчи дайындалды

2024-жылдын 20-май күнү Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай- коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин Мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо департаментинин директору Эрназарбек Суеркулов Чүй регионалдык  мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо башкармалыгынын жамаатына жаңы жетекчини тааныштырды.

Мүсүралы уулу Кайрат Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай- коммуналдык чарба мамлекеттик агенттиги алдындагы Чүй регионалдык  мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо башкармалыгынын жетекчиси болуп дайындалды.