2024-жылдын 20-май күнү Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай- коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин Мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо департаментинин директору орун басары Адис Саяков Талас регионалдык мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо башкармалыгынын жамаатына жаңы жетекчини тааныштырды.
Акиев Мусулман Болотович Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай- коммуналдык чарба мамлекеттик агенттиги алдындагы Талас регионалдык мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо башкармалыгынын жетекчиси болуп дайындалды.