Ысык-Көл облусунда жайгашкан бир катар мыйзамсыз объекттер Ысык-Көл региондук мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо башкармалыгы тарабынан берилген билдирменин негизинде ыктыярдуу түрдө ээлери тарабынан буздурулууда.
Алсак:
1. Бостери айылынын “Илбирс” пансионатындагы кайык токтоочу жайы;2. Кара-Ой айылынын “ОАЗИС” эс алуу жайындагы көл жээгинен 100 метрлик аралыктагы “Franklin” ашканасы;
3. Сары-Ой айылындагы “Азия Палас” пансионатындагы пирстин үстүнө салынган мончо;
4. Кара-Ой айылындагы “Фонтан” эс алуу жайында көл жээгинен 100 метр аралыкта жайгашкан жыгачтан салынган тамактануучу жай;5. Кара-Ой айылындагы “Академия Наук” пансионатындагы 2 бөлмөлүү жыгачтан салынган коттедж;
6. Бостери айылындагы “Ысык-Көл Каганаты” (Шанхай) пансионатындагы 100 метрлик аралыктагы конок үйлөрү;
7. Чолпон-Ата шаарындагы “Көгүлтүр Ысык-Көл” санаториясынын шаардык пляждык зонасындагы соода түйүндөрү;
8. “Университет” пансионатынын пирст демонтаждалып, көл жээгинен алынууда.