icon__chevron-right icon__clock icon__file icon__log-out.svg icon__map-pin icon__phone icon__plus icon__search Ресурс 1 Ресурс 2

Быйыл Нарын облусунда бир катар курулуш иштери башталат

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы - Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Акылбек Жапаров Нарын облусуна болгон иш сапарынын алкагында Кочкор айылындагы социалдык жана инфраструктуралык объекттердин курулуш долбоорлору менен таанышты.

Иш сапардын жүрүшүндө Мамкурулуш агенттигинин директору Нурдан Орунтаев 2024-жылга Нарын облусунда пландалып башталган объектилерди куруу жана реконструкциялоо боюнча маалымат берилди. Планга жалпысынан 64 объект киргизилген.

Анда жаңы автобекет, көпүрө, мектеп, турак-жай комплекси, спорт комплекси, мал базар куруу жана жолдорду реконструкциялоо боюнча пландар презентацияланды.