icon__chevron-right icon__clock icon__file icon__log-out.svg icon__map-pin icon__phone icon__plus icon__search Ресурс 1 Ресурс 2

Талас облусунда 375 орундуу жаңы мектеп пайдаланууга берилди

Талас облусу Бакай-Ата районунун Ынтымак айылында Эшимбек Капалов атындагы жаңы эки кабаттуу мектеп пайдаланууга берилди.  

Мектепти ачуу аземине Министрлер Кабинетинин төрагасы  Акылбек Жапаров катышты. Мектеп 375 орундуу бардык шарттары каралган. Имараттын курулушуна  мамлекеттик казынадан 99 млн 833 миң сом каражат  бөлүнгөн.  

Курулуш иштери 2015- жылы башталып, быйыл бүткөрүлүп, ишке берилди.