icon__chevron-right icon__clock icon__file icon__log-out.svg icon__map-pin icon__phone icon__plus icon__search Ресурс 1 Ресурс 2

"Эшон курулуш" компаниясына 200000 сом өлчөмүндө айып пул салынды

Кара-Суу шаары МЭЗ көчөсү дарегинде, “Эшон курулуш” ЖЧКсы тарабынан курулуп жаткан 5 кабаттуу турак үйдүн курулушу боюнча Ош региондук мамлекетти архитектура-курулуш контролдоо башкармалыгы тарабынан пландан тышкары текшерүү жүргүзүлүп, долбоордон четтеп кеткендиги аныкталган. Жыйынтыгында Укук бузуулар жөнүндөгү кодекстин 144-беренесинин 1-пункту менен 200000 сом өлчөмүндө айып пул салынып жазма буйрук берилип, долбоорго шайкеш келтирүү боюнча демонтаж иштери жүргүзүлдү.