icon__chevron-right icon__clock icon__file icon__log-out.svg icon__map-pin icon__phone icon__plus icon__search Ресурс 1 Ресурс 2

Ош шаарында мыйзамсыз курулуштар боюнча рейд өткөрүлдү

КР Мамкурулуш агенттигинин Ош шаары боюнча мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо башкармалыгы тарабынан Ош шаарында мыйзамсыз курулуштар боюнча рейд өткөрүлдү.

Ош шаары боюнча мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо башкармалыгы, Ош шаарынын мэриясы жана тиешелүү мекеме-ишканалардын өкүлдөрү менен биргеликте, Ош шаарында мыйзамсыз курулуштарды болтурбоо максатында мыйзамсыз курулуп жаткан курулуштарды кыдыруу иштерин жүргүзүлдү. Өз билемдик менен курулушун улантып жаткан курулуш объекттерине жеринен акт түзүлүп, курулуш компанияларга мыйзамсыз курулушту токтотуу тууралуу оозеки эскертүү берилди. Мындан ары Мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо башкармалыгы тарабынан Экономика жана коммерция министрлигинин аймактар аралык башкармалыгынан текшерүүгө жолдомо алуу менен текшерүү жүргүзүлүп, тиешелүү чаралар көрүлөт.