icon__chevron-right icon__clock icon__file icon__log-out.svg icon__map-pin icon__phone icon__plus icon__search Ресурс 1 Ресурс 2

Чүй районунуда мыйзамсыз объектилер демонтаж болууда

Учурда, КР Мамкурулуш агенттигине караштуу Чүй райондук шаар куруу жана архитектура башкармалыгы тарабынан шаар ичиндегиубактылуу жеңил объекттерди жана маалымат жарнак түзүмдөрдү тартипке келтирүү (инвентаризациялоо) максатында, архитекторлорунун катышуусунда көчмө жумушчу комиссия түзүлүп, тийиштүү иш-чаралар алынып барууда.

Комиссиялык текшерүүнүн жүрүшүндө, Кыргыз Республикасынын “Жарнак жөнүндө”, “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө”, “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө”, “Кыргыз Республикасынын архитектурасы шаар курулушу жөнүндө” жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 23-сентябрындагы № 571 “Муниципалдык менчикте турган жер участокторуна менчик же ижара укугун берүүнүн тартиби жана шарттары�жөнүндө типтүү жобону бекитүү тууралуу” токтому боюнча мыйзам бузуулар аныкталган, анда колдонуудагы имараттарга жана курулмаларга чатырлар, жарнак курулмалар жана башкалар уруксатсыз орнотулуп, ошондой эле муниципалдык аймакта жеңил типтеги убактылуу объектилер(павильондор, күркөлөр, лотоктор ж.б) уруксат кагаздарысыз коюлгандыгы аныкталган.

Ошондой эле, мыйзамсыз коюлган объектилердин ээлерине түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, “Дизайн-код” боюнча да кенен маалымат берилди. Чүй району боюнча азыркы учурда мыйзамсыз  18 объект демонтаж болду.