icon__chevron-right icon__clock icon__file icon__log-out.svg icon__map-pin icon__phone icon__plus icon__search Ресурс 1 Ресурс 2

Чүй облусунун башкы архитекторлорунун кеңешмеси болуп өттү

2024-жылдын 29-майында КР Мамкурулуш агенттигине караштуу Чүй регионалдык шаар куруу жана архитектура боюнча башкармалыгында кеңешме болуп өттү. Кеңешмеге Чүй облусунун бардык райондорунун башкы архитекторлору катышып, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 10-майындагы №240 "Кыргыз Республикасынын кыймылсыз мүлк объекттерин долбоорлоого, курууга жана башка өзгөртүүгө документтерди берүү жана эксплуатацияга киргизилүүчү курулушу аяктаган объекттердин шайкештигин баалоо тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу токтому" боюнча сунуш-пикирлер талкууланып, ошондой эле "дизайн код" боюнча талкуу жүрдү.

Кеңешмеде Чүй регионалдык шаар куруу жана архитектура боюнча башкармалыгынын башкы архитектору Мурзакулов Ч.С., Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин  2024-жылдын 10-майындагы № 240 жаңы токтому боюнча, бардык райондорго өз сын-пикирлерин жана сунуштарын жазуу жүзүндө берүүсүн, акы төлөнүүчү кызмат көрсөтүүлөрдүн реестрине кирбеген иштердин түрлөрү боюнча сунуштарды жана 2024-жылдын 15-майындагы № 01-11/56 протоколунун негизинде дизайн код боюнча аткарылган иштер жөнүндө маалымат берүүсүн тапшырды.

Белгилей кетсек, Архитектура башкармалыктары буга чейин Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 6-августундагы №114 "Кыргыз Республикасында кыймылсыз мүлк объекттерин долбоорлоого, курууга жана башка өзгөртүүгө документтерди берүүнүн тартиби жана пайдаланууга киргизилүүчү курулуп бүткөн объекттердин ылайыктуулугун баалоо жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомунун негизинде иш алып барып келет.