icon__chevron-right icon__clock icon__file icon__log-out.svg icon__map-pin icon__phone icon__plus icon__search Ресурс 1 Ресурс 2

Нурдан Орунтаев Мамэкспертиза департаментинин түштүк филиалынын жаңы иш орундары менен таанышты

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-комуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директору Нурдан Орунтаев Мамлекеттик экспертиза департаментинин директору Маратбек Акназаров менен Ош облусуна иш сапары менен барды.

Иш сапардын алкагында, Нурдан Орунтаев Мамкурулуш агенттигинин алдындагы Мамлекеттик экспертиза департаментинин түштүк филиалынын жаңы иш орундары менен таанышып, жумуш алып барган кызматкерлер менен жакындан пикир алмашты.

Буга чейин департамент, башка бирөөнүн имаратына ижара акы төлөп иштеп келген. Бүгүнкү күндө, Мамлекеттик курулуш агенттигине таандык имаратта жайгашып кызматкерлерге жакшы шарттар түзүлдү. 

Жолугушууда директор курулуш жаатында кайрылган жарандарга ыңгайлуу шарттарды түзүү максатында ар бир кайрылуучу суроо талабына ар кайсы дарекке барбастан бир имаратка келип, тийиштүү жообун алуусу жана иш кагаздарын даярдатуу учурдун талабы экендигин баса белгиледи.