icon__chevron-right icon__clock icon__file icon__log-out.svg icon__map-pin icon__phone icon__plus icon__search Ресурс 1 Ресурс 2

Мыйзамсыз объектилер буздурулуп, бирдиктүү дизайн кодго келтирүү иштери уланууда

2024-жылдын 1-июнь күнү, КР Мамкурулуш агенттигинин директору Нурдан Орунтаевдин тапшырмасына ылайык  Мамлекеттик архитектура курулуш контролдоо департаментинин жана Чүй регионалдык Шаар куруу жана архитектура боюнча башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан Чүй облусуна караштуу Ысык-Ата, Чүй району жана Кемин райондорунда мыйзамсыз жайгашкан объектилерди буздуруу иштери жүргүзүлдү. Мындан тышкары аталган аймактарда жайгашкан соода сатык объекттер дизайн код боюнча иреттөө иштери орун алууда.

Иретке келтирүү иштерин Мамкурулуш агенттигинин директору Нурдан Орунтаев, директордун орун басары Бакай Турдугулов жана тиешелүү мамлекеттик органдар жеринен көзөмөлдөөдө.