icon__chevron-right icon__clock icon__file icon__log-out.svg icon__map-pin icon__phone icon__plus icon__search Ресурс 1 Ресурс 2

Талас облусунда курулуп жаткан социалдык объекттердин курулушуна текшерүү жүргүзүлдү

Мамкурулуш агенттигинин алдындагы Турак жай-жарандык курулуш департаментинин директорунун орун басары Жыргалбек Медетканов Талас облусундагы иш сапары учурунда облустун аймагында курулуп жаткан бир катар социалдык объектилердин курулуш-монтаждоо иштерин текшерди.

Алсак, Талас районунун Ак-Сай айылындагы Б.Жанузаков атындагы 192 орундуу мектеп;

* Бакай-Ата районунун Ак-Дөбө айылындагы К.Байтереков атындагы спорт комплекси; 

* Бакай-Ата районунун Миң-Булак айылында Д.Батырбашиев атындагы 375 орундуу мектеп;

* Бакай-Ата районунун 1-Май айылындагы Т.Чолушев атындагы 275 орундуу мектеп;

* Айтматов районунун Кара-Суу айылындагы Айтбаев атындагы 225 орундуу мектеп;

* Айтматов районунун Көк-Сай айылындагы 140 орундуу бала бакча;

* Талас районунун Арал айылындагы К.Нанаев атындагы 450 окуу орундуу мектеп.