icon__chevron-right icon__clock icon__file icon__log-out.svg icon__map-pin icon__phone icon__plus icon__search Ресурс 1 Ресурс 2

Сокулук районундагы Алымкул Жакшылыков атындагы №1 мектеп-гимназиясынын курулушуна текшерүү жүргүзүлдү

Мамкурулуш агенттигинин алдындагы Турак жай-жарандык курулуш департаментинин директору Ислан Момоконов Чүй облусу Сокулук районундагы Алымкул Жакшылыков атындагы №1 мектеп-гимназиясынын 150 орундуу кошумча корпусунунун курулуш-монтаждоо иштерин жеринде текшерди. 

Мектептин курулушу 2016-жылы башталып, техникалык мүчүлүштүктөрдөн кийин курулуш иштери токтоп турган. Быйыл, республикалык бюджеттин эсебинен каржыланып, Жер титирѳѳгѳ туруктуу курулуш жана инженердик долбоорлоо мамлекеттик институтунун корутундусу алынып, курулуш иштери жанданган.