icon__chevron-right icon__clock icon__file icon__log-out.svg icon__map-pin icon__phone icon__plus icon__search Ресурс 1 Ресурс 2

Араван районунда көрнөк-жарнактар текшерилди



Райондо көрнөк-жарнактар текшерилди «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Архитектура, курулуш жана турак-жай коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин 2023-жылдын 16-январындагы №7 буйругунун негизинде  райондук комиссиянын курамы түзүлдү. 2024-жылдын 28-29-май күндөрү аталган комиссиянын төрагасы Араван райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-акимдин орун басары Б.Осмонов,Араван районунун шаар куруу жана Архитектура боюнча башкармалыгынын жетекчиси Э.Аматов баштаган комиссия мүчөлөрү С.Юсупова айыл өкмөтүнүн Ленин көчөсү жана Достук айыл өкмөтүнүн Ош-3000 көчөсүндө жайгашкан соода түйүндөрүн, базар жээгиндеги коомдук жайларды, жол боюндагы мекемелерди кыдырды. Кыдыруунун алкагында мындагы илинген көрнөк-жарнактардын архитектуралык талаптагыдай жайгашуусу жана мамлекеттик тилде туура  жазылуусу, мамлекеттик тил мыйзамына ылайык келүүсү керектигин түшүндүрүлдү.Он күндүк мөөнөт менен бардык мыйзамсыз жайгашкан жарнактар жаңыланып, талаптагыдай аткарылуусун эскертет.