icon__chevron-right icon__clock icon__file icon__log-out.svg icon__map-pin icon__phone icon__plus icon__search Ресурс 1 Ресурс 2

Жалал-Абад облусунун Сузак районунун башкы пландарын иштеп чыгуу боюнча иш сапар болуп өттү


Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 17-августундагы №490 “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-2025-жылдарга Кыргыз Республикасынын калктуу конуштарынын башкы пландарын иштеп чыгуу боюнча программасын бекитүү жөнүндө” токтому менен 2018-2025-жылдарга Кыргыз Республикасынын калктуу конуштарынын башкы пландарын иштеп чыгуу боюнча Программа бекилген. 

Калктуу конуштардын башкы пландары КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 31-мартындагы жана 2017-жылдын 17-августундагы №490 токтомдорунун негизинде, КР Мамкурулушунун алдындагы Шаар куруу жана архитектура мамлекеттик долбоорлоо институту (мындан ары - Институт) тарабынан  иштелип чыккан.

Бул долбоордук иликтөө иштеринин курамы жана көлөмү Институт менен Сузак районунун айыл өкмөтүнүн (Барпы, Кара-Дарыя, Атабеков жана Сузак) ортосундагы подряд келишими менен аныкталган.

Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы төмөндө келтирилген айылдардын башкы пландарын иштеп чыгуу үчүн №4 устакананын кызматкерлери иш сапарына жөнөтүлгөн: 

1. Жар-Кыштак айылы (Ырыс айылдык аймагы); 2. Бек-Абад айылы (Атабеков айыл аймагы); 3. Жаңы-Жер айылы (Атабеков айыл аймагы); 4. Жийде айылы (Атабеков айыл аймагы); 5. Мундуз айылы (Атабеков айыл аймагы); 6. Арал айылы (Кара-Дарыя айыл аймагы); 7. Чангыр-Таш айылы (Кара-Дарыя айыл аймагы); 8. Төш айылы (айылный аймак Кара-Дарыя); 9. Достук айылы (Сузак айыл аймагы). 

Иш сапарынын максаты - калктуу конуштарды аймактык өнүктүрүүнүн негизги багыттарын аныктоо, айыл аймактарынын, Сузак районунун райондук шаар куруу жана архитектура башкармалыгынын, Мамкаттоонун адистери жана кызматкерлери тарабынан берилген жана башкы пландарды иштеп чыгуу үчүн жүргүзүлгөн инженердик-экономикалык изилдөөлөрдүн жүрүшүндө алынган айыл аймактарын, инженердик-транспорттук инфраструктураны заманбап пайдалануу жөнүндө баштапкы маалыматтарды чогултуу жана тактоо.

Аймактардын азыркы абалы жөнүндө баштапкы маалыматтар архитектура жана шаар куруунун жергиликтүү органдарынын, Мамкаттоонун адистери жана кызматкерлери тарабынан берилген, ошондой эле долбоор алдындагы инженердик-экономикалык изилдөөлөрдүн жүрүшүндө алынган.

Бул иштер жер-жерлерге баруу менен архивдик изилдөөлөрдүн жана натуралдык кароолордун, эксперттик сурамжылоолордун жана регионалдык кызматтардын жана чарбакер субъекттердин жооптуу өкүлдөрүн анкеталоонун ыкмалары менен жүргүзүлдү. Шаар курууну өнүктүрүүнүн мурдагы стратегияларын шарттаган, сакталып калган долбоорлоо-пландоо документтерин изилдөө жүргүзүлдү. Бул алдын-ала долбоорлоонун жыйынтыгы маселелерди жана аймактык өнүгүү багыттарын талдоо жана заманбап мамлекеттик комплекстүү баалоо үчүн колдонулган жана инженердик-экономикалык изилдөөлөр, негизги жана кошумча чиймелердин материалдарында көрсөтүлгөн.

Бул долбоор алдындагы иштердин жыйынтыктары көйгөйлөрдү жана аймактык өнүгүү тенденцияларын талдоо жана  азыркы абалын комплекстүү баалоо үчүн пайдаланылат инженердик-экономикалык изилдөөлөрдүн материалдарында, негизги жана кошумча чиймелерде көрсөтүлгөн. 

Башкы пландын башкы милдети, айылды өнүктүрүүнүн жана келечекте кеңейтүү жана өнүктүрүү мүмкүн болгон жерлердин негизги багыттарын негиздөө болуп саналат. Башкы пландарда кабыл алынган аймактык өнүктүрүүнүн негизги багыттары, эсептик мөөнөткө айылдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аймактык органдарынын социалдык-экономикалык артыкчылыктарына ылайык келген жана жергиликтүү өз алдынча башкарууга көмөк көрсөтүүчү шаар курууну өнүктүрүү стратегиясын негиздөө үчүн зарыл жана төмөнкүлөргө көмөк көрсөтөт:

- шаар куруу көйгөйлөрүн ырааттуу жоюу жана айылды туруктуу социалдык-экономикалык өнүктүрүүнүн шаар куруу шарттарын камсыз кылуу; 

- калктын жашоосунун санитардык-эпидемиологиялык шарттарын жана курулуш коопсуздугун сактоо;

- жакшыртуу жана жергиликтүү жайгаштыруу системасын өнүктүрүү.

Институттун кызматкерлеринин иш сапарынын жүрүшүндө Сузак райондук мамлекеттик администрациясынын, Сузак райондук шаар куруу жана архитектура башкармалыгынын кызматкерлери менен, каралып жаткан айылдардын айыл аймактарынын башчылары, Мамкаттоо, ӨКМ, ПЭС, ветеринардык кызматтын жана Сузак районунун жергиликтүү кызматтарынын кызматкерлери менен калктуу конуштарда шаар курууну өнүктүрүүнүн ар кандай көйгөйлөрү боюнча бир нече биргелешкен жумушчу кеңешмелер жана талкуулар өткөрүлдү. Айтылган сын-пикирлердин жана сунуштардын негизинде башкы планга тиешелүү түзөтүүлөр жана толуктоолор киргизилет.

Аймактык өнүктүрүүнүн долбоордук чечимдери жана техникалык-экономикалык негиздемеси, аймакты заманбап пайдалануунун калыптанган мүнөзүнө жана узак мөөнөттүү келечекке жерлерди пайдаланууну интенсификациялоонун альтернативдүү багыттарын карап чыгууга негизденип иштелип чыккан. 

Башкы планда аймактарды архитектуралык-пландоону уюштурууну өнүктүрүүнүн принципиалдуу багыттары боюнча сунуштар, ошондой эле иштелип жаткан калктуу конуштардын келечектүү чегин белгилөө боюнча сунуштар киргизилет.