Кыргыз Республикасынын “Ысык-Көл экологиялык-экономикалык тутумун өнүктүрүү жөнүндө” мыйзамына ылайык жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-ж. 21-ноябрындагы №652-токтомуна ылайык Ысык-Көл региондук мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо башкармалыгынын демонтаждоого берген билдирүүсүнүн негизинде Чок-Тал айылындагы Лазурный Берег пансионатынын көл жээгинен 100 метрлик аралыктагы курулган кафе жана спорт залы ээси тарабынан өз ыктыяры менен демонтаждалууда.