icon__chevron-right icon__clock icon__file icon__log-out.svg icon__map-pin icon__phone icon__plus icon__search Ресурс 1 Ресурс 2

Ош шаарында өз билемдик менен курулган объекттер буздурулууда



Мамкурулуш агенттигинин алдындагы  Ош шаары боюнча мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо башкармалыгы, Ош шаарынын Т.Кулатов кичирайонундагы №2 көп кабаттуу турак-үйүнүн жашоочуларынын арызынын негизинде, көп кабаттуу үйдүн чыгыш тарабындагы жеке менчик жер тилкесинде өз билемдик менен курулган крулуштарга мыйзам чегинде текшерүү иштерин жүргүзүп, ээсине айып пул салынган жана өз эсебинен бузуусу тууралуу эскертме жазуу берилген. Эскертме жазууга ылайык өз билемдик менен курулган курулуш, курулуш ээсинин өз эсебинен буздурулууда.