Кыргыз Республикасынын “Ысык-Көл экологиялык-экономикалык тутумун өнүктүрүү жөнүндө” мыйзамына ылайык жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-ж. 21-ноябрындагы №652-токтомуна ылайык Ысык-Көл региондук мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо башкармалыгынын демонтаждоого берген билдирүүсүнүн негизинде Бактуу-Долоноту айылындагы Колумб пансионатынын көл жээгинен 100 метрлик аралыктагы жеңил конструкциядан курулган “Не просто бар” аталыштагы жайкы кафе ээси тарабынан өз ыктыяры менен демонтаждалууда.