icon__chevron-right icon__clock icon__file icon__log-out.svg icon__map-pin icon__phone icon__plus icon__search Ресурс 1 Ресурс 2

Сокулук районунун архитектурасы тарабынан жол боюндагы объектилерди иретке келтирүү иштери жүргүзүлүүдө

Сокулук районунун шааркуруу жана архитектура боюнча башкармалыгы жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен биргеликте Кыргыз Республикасынын Президентинин  2023-жылдын  14-мартындагы №56 “Автомобиль жолдорунун жээгиндеги жерлерге жол боюндагы тейлөө объекттерин  мыйзамсыз жайгаштырууну алдын алуу жана бөгөт коюу боюнча чаралар жөнүндө” жарлыгын аткарууу боюнча, 

курулуштардын мыйзамдуулугун  аныктоо жана мыйзамсыз курулуштарды алдын алуу максатында Бишкек-Кара-Балта унаа жолунун боюнда, тактап айтканда Военно-Антоновка, Романовка айылынын, ошондой эле  Шопоков шаарынын  аймагында  жайгашкан объектилерди инвентаризациялоо  иштери жүргүзүлүп, мыйзамсыз болуп аныкталган объектилердин ээлери тарабынан өз ыктыяры менен демонтаждоо иштери жүргүзүлдү жана 10 ашык объектин ээлери бир жумалык мөөнөттө, мыйзамсыз болуп табылган объектилерин баштапкы калыбына келтирууго кепилдик беришти, ошондой эле  талапка туура келбеген болжолдуу 300-тегерегинде корнок жарнактар тушундуруу иштеринин алкагында, ээлери тарабынан алынды.