icon__chevron-right icon__clock icon__file icon__log-out.svg icon__map-pin icon__phone icon__plus icon__search Ресурс 1 Ресурс 2

Туризмди туруктуу өнүктүрүү долбоору боюнча жыйын болуп өттү

КР Мамкурулушуну директорунун биринчи орун басары С.Э.Джантелиевдин жетектөөсү менен "Туризмди туруктуу өнүктүрүү максатында Ысык-Көлдүн экологиясын башкаруу" долбоорун ишке ашырылуусу боюнча жана  долбоордун учурдагы абалы тууралуу Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясына жыйынтыктоочу маалымат даярдоо максатында кызыкдар тараптар менен кезексиз жыйыны 2024-жылдын 21-июнунда өткөрүлдү. Кезексиз жыйынга Чолпон-Ата шаарынын мэриясынын, Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин, Ысык-Көл райондук шаар куруу жана архитектура башкармалыгынын, Ичүүчү суу менен камсыздоону жана саркынды суулардын тармагын өнүктүрүү департаментинин, "Керемет" долборлоо институтунун өкүлдөрү катышты.