icon__chevron-right icon__clock icon__file icon__log-out.svg icon__map-pin icon__phone icon__plus icon__search Ресурс 1 Ресурс 2

Селдин кесепетинен жабыр тарткан жарандарга түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө

Жаратылыштын кырсыгынан жабыр тарткан объектилерди жеринде көрүү үчүн Ноокат районунун жарандык коргонуунун инженердик кызматы, Ош региональнык шаар куруу жана архитектура боюнча башкармалыгынын башчысынын орун басары Бозов Замир, Ноокат районунун шаар куруу жана архитектура боюнча башкармалыгынын өздүк курамынан 37 кызматкер жана башка мекемелерден тиешелүү кызматкерлинин катышуусунда Гулистан, Исанов, Т. Кулатов жана Кок-Жар, Жаны-Ноокат айыл аймактарында селдин кесепетинен жабыр тарткан турак жай жана курулуштарга жерине чыгып, курулуштардын абалы менен таанышып чыгышты. Натыйжада жалпысынан 59 турак жай жана чарбалык курулуштарга сел кирип, натыйжада Гулистан айыл аймагынан 3 турак жай жараксыз абалга келген. Инженердик кызматы, ордунда түшүндүрүү иштерин жүргүзүп мониторинг жүргүзүштү.