icon__chevron-right icon__clock icon__file icon__log-out.svg icon__map-pin icon__phone icon__plus icon__search Ресурс 1 Ресурс 2

Кыргызстан менен Кытай Эл Республикасынын курулуш тарамагындагы кызматташтыгы бекемделүүдө

КР Мамкурулуш агенттигинин директору Н.К Орунтаев Кытай Эл Республикасынын Синьцзян-Уйгур автономдуу районунун (КЭР СУАР) Үрүмчү шаарына болгон жумуш сапарынын алкагында, “Кытай-Евразия ЭКСПО ” 8-эл аралык көргөзмөсүнө катышты.

Анын алкагында СУАР Өкмөтүнүн Аппаратынын Турак жай курулуш, шаар жана айыл аймактарын өнүктүрүү башкармалыгынын башчысы Сун Яцзюнь жана бир катар Департаменттердин, компаниялардын жетекчилери менен жолугушуу өткөрүлдү.

Жолугушуунун жүрүшүндө курулуш стандарттары, өзгөчө жер титирөөгө туруктуу курулуш стандарттары жаатында эки тараптуу кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүү маселелери талкууланды. Тараптар көп кабаттуу турак-жай жана коомдук имараттардын, ошондой эле социалдык объектилердин типтүү долбоорлорун изилдеп, кабыл алууну макулдашты.