icon__chevron-right icon__clock icon__file icon__log-out.svg icon__map-pin icon__phone icon__plus icon__search Ресурс 1 Ресурс 2

Мамкурулуштун алдындагы Мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо департаменти мамлекеттик жарандык кызматтын башкы, улук жана кенже администрациялык кызмат орундардын кадрлар резервине киргизүү үчүн ачык сынак өткөрүү жөнүндө жарыялайт

Мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо департаменти (мындан ары-Департамент) административдик мамлекеттик кызмат орундарына квалификациялуу кадрларды тартуу максатында, Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 27-октябрындагы №125 “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” мыйзамынын 10-беренесине жана Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 2-февралындагы ПР №24 Жарлыгы менен бекитилген “Мамлекеттик органгдын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын мамлекеттик жарандык кызматынын жана муниципалдык кызматынын кадрлар резервине киргизүү үчүн ачык конкурс өткөрүүнүн , аны түзүүнүн жана иштөөсүнүн тартиби жөнүндө” Жобосуна ылайык, жакшы даярдалган кесипкөй кадрлар менен камсыз кылуу максатында ачык конкурс өткөрүүдө. 


Конкурска катышуу үчүн төмөнкү документтерди тапшыруу зарыл:

- жеке арыз;

- сүрөтү менен резюме (уюлдук номерин жана электрондук почтасын 

көрсөтүү менен);

- өздүк таржымал (соттуулугу бар же жок экендиги жөнүндө маалыматтарды 

көрсөтүү менен);

- нотариалдык күбөлөндүрүлгөн диплом жана кошумча билимин тастыктаган 

дипломунун (бар болсо) көчүрмөлөрү;

- нотариалдык же акыркы иштеген жери боюнча күбөлөндүрүлгөн эмгек 

китепчесинин көчүрмөсү (эмгек стажы бар болсо);

- илимий даражаны жана илимий наамды (бар болсо) ыйгаруу жөнүндө 

документтердин көчүрмөлөрү;

- паспорттун көчүрмөсү.


Документтерди кабыл алуу убактысы:

2024-жылдын 1-августунан баштап 14-августун кошо алган күнгө чейин саат 

9:00-17:00 чейин.

Документтерди кабыл алуу орду:

Бишкек шаары, Манас проспектиси, 28, 5-кабат, 505а кабинети.

Байланыш номери 0555-67-19-62, 0770-67-19-62 ватсапп, (0312)31-25-47

Кадрлар резервине киргизүү үчүн коюлуучу квалификациялык 

талаптар


Административдик кызмат орундарынын улук тобу үчүн:

Сектор башчысынын (башкы бухгалтер) административдик мамлекеттик 

кызмат ордуна төмөнкүдөй типтүү квалификациялык талаптар белгиленет –

1 бирдик (С-А)

1. Кесиптик билиминин деңгээли:

- жогорку экономикалык билим, бухгалтердик эсеп жана аудит.

2. Иш стажы жана тажрыйбасы:

- мамлекеттик жана/же муниципалдык кызматтын стажы жалпысынан 

1 жылдан кем эмес же тиешелүү кесиптик чөйрөдөгү иш стажы 3 жылдан кем 

эмес. 


Жалпы мыйзамдарды билүүсү:

1) Кыргыз Республикасынын Конституциясы;

2) “Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө”;

3) “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө”;

4) “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө”;

5) “Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө”;

6) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 03.03.2020-ж. № 120 токтому менен 

бекитилген “Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча 

типтүү нускамасы”.


Предметтик мыйзамдарды билүүсү:

- Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексин;

- Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексин.

- Кыргыз Республикасынын төмөнкү мыйзамдарын:

 “Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө”;

 “ Бухгалтердик эсеп жөнүндө”

- Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин 2018-жылдын 

25-декабрындагы №137-п буйругу менен бекитилген Мамлекеттик башкаруу 

секторунда бухгалтердик эсепти жана финансылык отчетту жүргүзүү боюнча 

жобону;

- бухгалтердик эсеп жаатында билим.


Административдик кызмат орундарынын кенже тобу үчүн: 

Жетектөөчү адисинин (бухгалтер) административдик мамлекеттик кызмат 

ордуна төмөнкүдөй типтүү квалификациялык талаптар белгиленет - 1 бирдик 

(М-А)

1. Кесиптик билиминин деңгээли:

- жогорку экономикалык билим, бухгалтердик эсеп жана аудит.

2. Иш стажы жана тажрыйбасы:

- иш стажына талаптар коюлбайт.


Жалпы мыйзамдарды билүүсү:

1) Кыргыз Республикасынын Конституциясы;

2) “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө”;

3) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 03.03.2020-ж. № 120 токтому менен 

бекитилген “Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча 

типтүү нускамасы”.


Предметтик мыйзамдарды билүүсү:

- Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексин.

- Кыргыз Республикасынын төмөнкү мыйзамдарын:

- “Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө”;

- “Бухгалтердик эсеп жөнүндө”

- Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин 2018-жылдын 25-

декабрындагы №137-п буйругу менен бекитилген Мамлекеттик башкаруу 

секторунда бухгалтердик эсепти жана финансылык отчетту жүргүзүү боюнча 

жобону;


Административдик кызмат орундарынын кенже тобу үчүн: 

Жетектөөчү адистин (иш кагаздарын жүргүзүүчү) административдик 

мамлекеттик кызмат ордуна төмөнкүдөй типтүү квалификациялык талаптар 

белгиленет-1 бирдик (М-Б).

1. Кесиптик билиминин деңгээли:

- каалаган профилдеги жогорку кесиптик билим.

2. Иш стажы жана тажрыйбасы:

- иш стажына талаптар коюлбайт.


Жалпы мыйзамдарды билүүсү:

1) Кыргыз Республикасынын Конституциясы;

2) “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө”;

3) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 03.03.2020-ж. № 120 токтому менен 

бекитилген “Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча 

типтүү нускамасы”.

Предметтик мыйзамдарды билүүсү:

 

- “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө”;

- “Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө”;

- “Кыргыз Республикасынын расмий тили жөнүндө”;

- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 

28-октябрындагы №233 “Кыргыз Республикасынын Министрлер

Кабинетинин Регламенти жөнүндө” токтомун;

- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2020-жылдын 

3-мартындагы №120 “Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү 

боюнча Типтүү нускаманы бекитүү жөнүндө”.

Бардык топторго тиешелүү көндүмдөр:

Билгичтиги:

- түзүмдүк бөлүмдөрдүн көйгөйлөрүн талдоо, божомолдоо, жалпылоо, 

мониторинг жүргүзүү, контролдоо жана аларды чечүүгө жаңы ыкмаларды 

киргизүү;

- кызыкчылыктардын кагылышына алып келүүчү көйгөйлүү кырдаалдарды 

өз убагында аныктоо жана чечүү;

- коюлган милдеттерди чечүүдө новатордук ыкмаларды колдонуу үчүн 

мүмкүнчүлүктөрдү издөө;

- өз ишин жана түзүмдүк бөлүмдүн ишин натыйжалуу пландаштыруу;

- ведомстволор аралык өз ара аракеттенүү;

- чыр-чатактуу кырдаалдарды жөнгө салуу.

- маалыматты жыйноо, талдоо, системалаштыруу жана жалпылоо;

- аналитикалык документтерди даярдоо;

- кесиптештер менен натыйжалуу кызматташуу;

- иштиктүү сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү;

- эмгектин жаңы шарттарына адаптациялашуу.


Көндүмдөрү:

- аналитикалык жана стратегиялык документтерди иштеп чыгу

- маалыматты талдоо, системалаштыруу жана жалпылоо;

- ченемдик укуктук актылар менен иш алып баруу жана аларды практикада 

колдоно билүү;

- компьютердик жана уюштуруу техникасын, зарыл болгон программалык 

продуктуларды колдоно билүү Microsoft Office (Word,Excel) Интернет, 1С 

программасын.

- ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды практикада 

колдонуу;

- ишти пландаштыруу жана жумуш убактысын туура бөлүштүрүү;