Баткен шаарындагы жаңы мектептин куруушу план боюнча жүргүзүлүүдѳ.
Учурда курулуш иштеринин даярдыгы 90% түзүп, жакында пайдаланууга берилет. Азыркы учурда, подряддык уюм тарабынан сырткы жасалгоо иштери, жана көрктөндүрүү боюнча иштер жүргүзүлүүдѳ.
Мындан тышкары, окуу процесси үчүн керектүү жабдуулардын жана эмеректердин орнотулган иши башталды.
Белгилей кетсек бул мектеп 375 окуучуга ылайыкталган, бул калктуу конушта 700 окуучуга чейин окутууну камсыз кылууга мүмкүндүк берет. Анда долбоор боюнча окуу корпусу, галерея, ашкана, спорттук зал, актовый зал, ошондой эле жабдылган химия, физика, информатика класстары курулууда. Эскерте кетсек, мектептин куруулушу 2020 жылы Сауд Өнүктүрүү фондунун кредиттик каражаттарынан башталган. Анын сметалык баасы 1млн. 263 миң АКШ долларын түзѳт.