“Бишкекбашкыархитектура” мамлекеттик мекемеси борбордун аймагындагы социалдык объектилерди карап чыгып, макулдаштыруу жумуштарын жүргүздү.
Белгилесек, мекеменин “Бирдиктүү терезе” бөлүмүнө Бишкек мэриясынан долбоорлорду макулдашууга арыз келип түштү. Мамлекеттик мекеменин макулдашуу бөлүмүндө долбоордук документтер курулуш нормаларына жана эрежелерине ылайык келери белгиленди.
Келечектеги футбол аянтчалары, спорт, балдар жана воркаут аянтчалары, чечинүүчү жайлар, дааратканалар, жайкы эстрада, ошондой эле көрктөндүрүү элементтеринин жалпы аянты 4 гектардан ашык.
Алар:
– Чүй-52 проспекти боюнча “Ак-Босого” ж/м эс алуу зонасын уюштуруу, жалпы аянты 2,161 га;
– “Ак-Босого” ж/м Чүй-41 проспектиси боюнча эс алуу зонасын уюштуруу, жалпы аянты 0,834 га;
– “Мурас Ордо” ж/м жалпы аянты 1,12 га болгон сквер.