Мамкурулуштун директору Джетыбаев Нуртазин Алымкулович 2022-жылдын 20-июлунда иш сапары менен Баткен облусуна келди.
Н. Джетыбаев Баткен облусуна болгон иш сапарын Лейлек районунан баштады. Алгач эле, Лейлек районунун Айкөл айылындагы Наркозу Батыров атындагы орто мектебинен кабар алды. Дээрлик 70 жылдан бери кызмат кылып эскилиги жеткен орто мектептин абалы менен таанышып, «Мектеп окуучулары заманбап шартта билим алуусу зарыл»-деген оюн билдирди. Текшерүүнүн жыйынтыгында тийиштүү мекеме, иш каналарынын жетекчилерине тез аранын ичинде керектүү иш кагаздарын даярдап, мектептин жаңыдан куруу иштерин планга киргизүү тапшырмасын берди.
2022-жылдын апрель айында электр чубалгыларынын кесепетинен күйүп кеткен Сумбула айыл өкмөтүнө караштуу Сары-Дөбө атындагы орто мектебинен абалынан кабар алды.
Аны менен катар, Сүлүктү шаардык Жеткинчек балдар бакчасында болуп, бала бакчасынын кошумча имаратынын курулушун баштоону тапшырды.
Сүлүктү шаарынын Дзержинский көчөсүндө курулуп жаткан спорткомплекси менен таанышты.
Кулунду айыл аймагына караштуу Булак-Башы айылындагы Булак-Башы орто мектебинин абалы менен таанышып чыгып, жаңыдан салынуучу орто мектептин куруу иштерин тез арада баштоо тапшырмасын берди.
Сапарын улай Мамкурулуштун директору Лейлек районунун Кулунду, Интернационал, Ак-Арык, Раззаков айылдарына таза суу түтүктөрүн тартуу курулушу менен таанышты.
Лейлек районундагы курулуп бүткөрүлгөн жана курулуп жаткан бир катар обьектилер менен таанышып, Джетыбаев район элинин жакшы шартта жашоосу үчүн болгон күч, аракеттер жумшаларын айтып өттү.