2022-жылдын 6-июлунда, Сүлүктү шаарынын Дзержинский көчөсүндө спорткомплексин куруу иштери башталып, капсула салынды.
Саамалыкка Кыргыз Республикасынын Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү А.К.Алимбаев баш болгон жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, Сүлүктү шаардык шаар куруу жана архитектура боюнча башкармалыгынын жетекчилиги жана шаар тургундары катышты.
Буга чейин курулуш иштерине тийиштүү уруксаат иш кагаздары даярдалып, жер тилкесине жайгаштыруу иштери жүргүзүлгөн болсо, бүгүнкү күндө курулуштун алгачкы иштери башталып, капсула салынды.