Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районунун Ананьево айылындагы Юсуп Абдрахманов атындагы мектебинин курулушу республикалык бюджеттин эсебинен 2019-жылы башталган.
Курулуп жаткан мектеп эки кабаттуу окуу корпустан, спорттук залдан жана өтмө галереядан турат. Жалпы аянты 1501,8 чарчы метрин түзгөн билим берүү объектинин долбоордук кубаттуулугу 275 орунга эсептелген.
Долбоорго ылайык жаңы мектепте негизги класстык кабинеттеринен тышкары компьютердик класс, химия, физика сабактары боюнча кабинеттер жана лабораториялар, кыздар үчүн кол эмгек кабинети жана эркек балдарга жыгач буюмдарды иштетүүчү устаканалар каралган. Андан тышкары китепкана, ашкана, дарылоо кабинети, спорттук залда чечинүүчү жайлар жана душ кабиналары каралган.
Бүгүнкү күнгө карата объекттин курулуш даярдыгы 80,3 пайызды түзөт. Подряддык уюм тарабынан окуу корпусунун негизги курулуш жумуштары аткарылып бүттү, эшик-терезелери орнотулду, ички жасалгалоо иштери аяктады, учурда полдорго линолеум төшөөгө даярдыктар көрүлүп жатат. Спорттук залдын темир фермалары орнотулуп бүттү, өтмө галереясынын дубалы тургузулду, азыркы мезгилде имараттардын чатырын жабуу үчүн даярдыктар көрүлүлүүдө. Объекттин ички жана сырткы коммуникациялары орнотулуп бүттү.
Белгилей кетсек, аталган объекттин наркы 59 млн 421 миң 130 сомду түзөт. Бул объектти 2022-жылдын 1-сентябрына карата пайдаланууга тапшыруу пландалууда.