КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНЕ КАРАШТУУ АРХИТЕКТУРА, КУРУЛУШ ЖАНА ТУРАК ЖАЙ-КОММУНАЛДЫК ЧАРБА МАМЛЕКЕТТИК АГЕНТТИГИ

Ысык-Көл облусунун Кароол-Дөбө айылындагы бала бакчанын курулушу сентябрь айында аяктайт


Ысык-Көл облусунун Кароол-Дөбө айылында мектепке чейинки билим берүү мекемесинин курулушунун даярдыгы 75% ды түзөт. 

Бүгүнкү күндө подряддык уюм тарабынан ички жасалгалоо иштери, сырткы фасадтын декорациялары жана аймакты көрктөндүрүү боюнча жумуштары жүргүзүлүүдө.

Эске салсак, бул долбоордук кубаттуулугу 60 орундуу  бала-бакча Сауд Өнүктүрүү фондунун кредиттик каражаттарынан каржыланат, анын сметалык наркы 571 094 миң АКШ долларын түзгөн.

Иштин бекитилген графигине ылайык, курулуш 2022-жылдын сентябрь айында бүткөрүлөт.

ГОСУДАРСТВЕННОЕ АГЕНТСТВО АРХИТЕКТУРЫ, СТРОИТЕЛЬСТВА И ЖИЛИЩНО-КОММУНАЛЬНОГО ХОЗЯЙСТВА ПРИ КАБИНЕТЕ МИНИСТРОВ КЫРГЫЗСКОЙ РЕСПУБЛИКИ.© 2022
Наш адрес:
Кыргызская республика, г.Бишкек, проспект Манаса 28
Почтовый индекс: 720001
Телефон: +996 (312) 31-29-00
Факс: +996 (312) 61-34-52
Общественная приемная: +996 (312) 31-29-22
Общий отдел: +996 (312) 31-29-24
E-mail: pressa@gosstroy.gov.kg