КР Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай – коммуналдык чарба мамлекеттик агенттиги

Мамкурулуш “Бирдиктүү терезе” боюнча адистерди окутууну аяктады

23

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттиги Аппараттык жыйындын протоколдук тапшырмасын аткаруу үчүн аймактардагы шаар куруу жана архитектура башкармалыктарынын жооптуу адистерин “Бирдиктүү терезе” боюнча окутууну аяктады. Окутуу бекитилген графикке ылайык 2016-жылдын 15-февралынан тартып үч күндөн эки этап менен жүргүзүлдү. 1-күнү: аймактардагы шаар куруу жана архитектура башкармалыктары тарабынан көрсөтүлө турган иштерди аткарууга кириш жана чыгыш документтерди каттоо жана контролдоо максатында башкармалыкта программаны пайдалануу боюнча окутуулар болду; 2-күнү: адистер Чүй областынын шаар куруу жана архитектура башкармалыгына программа жана анын негизги бөлүктөрү менен таанышып чыгуу үчүн барып келишти; 3-күн: суроо-жооптор, маселелерди талккулоо жана ВПН каналга жер-жерлерде кошуу боюнча… Читать далее »

Мамкурулуш: Чүй областында 66 203 чарчы метр жеке турак жай эксплуатациялоого берилди

zhiloy_dom-176x176

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай – коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин Чүй областынын шааркурулушу жана архитектура боюнча башкармалыгынын маалыматы боюнча 2015-жылы жеке турак жай курулуш боюнча жалпы аянты 66 203 чарчы метр болгон 434 турак үй эксплуатациялоого киргизилди. 515 жер участогу бөлүнгөн жана курулушка 366 ураксат берүү документтери берилген. Чүй областтык архитектура башкармалыгынын начальниги Ырысбек Султангазиевич белгилегендей, 2015-жылы аткарылган иштердин көлөмү 38 млн. 639 миң сомду түзгөн. Бардыгы берилгени: • Архитектуралык-пландоо шарттары– 661; • Инженердик-техникалык шарттар— 255; • Долбоорлоо-сметалык документтер – 506; • Курулушка уруксаттар – 134; • Арналышын өзгөртүүгө уруксаттар – 63; • Убактылуу объекттерди орнотууга… Читать далее »

Мамкурулуш «Көчмөндөр оюну II карата инфраструктуралык объекттерди даярдоонун жүрүшү жөнүндө» маалымат-конференция өткөрдү

6

Бүгүн, 2016-жылдын 17-февралында “Кабар” Улуттук маалымат агенттигинде Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттиги Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 8-декабрындагы №594-б “Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районунун Бостери айылдык аймагына караштуу Бактуу – Дөлөнөтү айылындагы ат майданын реконструкциялоо” буйругун аткаруу үчүн объектти долбоорлоо жана реконструкциялоо боюнча маалымат берди. Пресс-конференциянын жүрүшүндө Мамкурулуштун директору Турдубек Мамбетов Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жогорудагы буйругуна ылайык 2015-жылдын 15-декабрындагы №226 буйругу менен “Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районунун Бостери айылдык аймагына караштуу Бактуу – Дөлөнөтү айылындагы ат майданын реконструкциялоо” объектисин (мындан ары — объект) долбоорлоо жана реконструкциялоо үчүн башкы подрядчыларды аныктоо боюнча ведомстолор аралык комиссия түзүлгөндүгүн, ал… Читать далее »

Мамкурулуш Тажикстан Республикасынан келген делегацияны кабыл алды

7

Бүгүн, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай – коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин имаратында Тажикстан Республикасынын тийиштүү мамлекеттик түзүмдөрүнүн жетекчилери менен жолугушуу болуп өттү. Курулуштагы энергия үнөмдөө чөйрөсүндөгү Кыргызстандын тыжрайбасын үйрөнүү үчүн келген Тажикстандын өкүлдөрүн Мамкурулуштун директору Т. Мамбетов тосуп алды. Ал өзүнүн саламдашуу сөзүндө биздин Кыргызстанга келгендиги үчүн ыраазычылык билдирип, делегация бул жакта жүргөн учурда Мамкурулуш Кыргызстандын курулуш тармагындагы тажрыйба менен болушунча натыйжалуу бөлүшкөнгө аракет кыларын билдирди. Ошондой эле бул жолугушууга «Юнисон» КФнын директору Н. Абдырасулова да катышкандыгын белгилей кетүү керек. Андан ары, Мамкурулуштун директорунун саламдашуу сөзүнөн кийин Мамкурулуштун тийиштүү түзүмдөрү жана бөлүмдөрү курулуштагы энергия натыйжалуулукту колдонуу… Читать далее »

Мамкурулуш ардагер-куруучуну куттуктады

8

Бүгүн, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директору Т. Мамбетов Эмгек сиңирген куруучу-ардагер Мокенов Абдыразакты куттуктады. Урматтуу Абдыразак Мокенович! Сиздин жашооңуздагы бүгүнкү күндөгү эң маанилүү күн менен чын жүрөктөн куттуктайбыз. Бул күнү бүткүл өмүрүңүздү Мекенге жана өз элиңизге кызмат кылууга арнагындыгыңыз үчүн Сизге өзгөчө ыраачылык билдиргибиз келет. Сиз эмгек жолуңузду баштаганда эле 1962-жылы Москва архитектура институтунун аяктагандан кийин «Кыргызгипрозем» долбоорлоо институтунун башкы архитектору катарында Сиздин катышууңуз менен Рыбачье жана Кызыл-Кыя шаарларынын башкы пландары, Өзгөн шаарынын жана Ош шаарынын борборлорун деталдык пландаштыруу иштери иштелип чыккан. 1967 –жылдан 1976-жылдары Ош областынын башкы архитекторунун кызмат ордунда иштеп… Читать далее »

Мамкурулуштун директору Т. Мамбетов ат майданын реконструкциялоонун жүрүшү жөнүндө жумушчу жыйын өткөрдү

mfmfm

Бүгүн, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай – коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директору Турдубек Мамбетов Ысык-Көл областынын Ысык-Көл районунун Бостери айыл аймагындагы Бактуу-Дөлөнөтү айылындагы ат майданын реконструкциялоонун жүрүшү жөнүндө жумушчу жыйын өткөрдү. Мамкурулуштун директору Т. Мамбетов жумушчу жыйынды ат майданын курулушунун толугу менен жүрүшү үчүн бардык шарттарды түзүү маселесин талкуу менен баштады. Ошондой эле адистер жана эксперттер катышкан жыйындын жүрүшүндө эл аралык стандарттарга келтирүү жана VIP аймактын жана туристтер үчүн аймактардын чектерин тосууну максатында ат майданынын параметрлер маалымдарын тактоо маселелери, таза ичүүчү суу менен камсыздоо жана канализация маселелери талкууланды. Ат майданын долбоорлоонун жүрүшү жөнүндө «Гарант Проекта» ЖЧКсынын… Читать далее »

Мамкурулуш «Курулушта эмгектин коопсуздугу» КЧжЭ долбоорун коомдук талкууга чыгарды

vfvfv

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай – коммуналдык чарба мамлекеттик агенттиги КР КЧжЭ 12-01:2016 «Курулушта эмгектин коопсуздугу» долбоорун коомдук талкууга чыгарды. Жогоруда көрсөтүлгөн долбоор боюнча бардык эскертүүлөр Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай – коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин алдындагы Жер титирөөгө туруктуу курулуш жана инженердик долбоорлоо мамлекеттик институтка Бишкек ш., Чыгыш промзона, Чолпон Ата көчөсү, 2 дареги боюнча техникалык ченемдештирүүнү жана инженердик долбоорлоону башкаруу бөлүмүнүн башчысы Дж. А. Шаимбетовго тел: 44 94 76 боюнча же электрондык дареги: kniipss@mail.ru боюнча кайрылыңыздар. Бул долбоорлор менен шилтеме боюнча КР КЧжЭ 12-01:2016 «Курулушта эмгектин коопсуздугу» өтүп таанышыңыз.

Мамкурулуш 2016-жылдын 1-айында 36 лицензия жана 94 мамлекеттик квалификациялык сертификат жол-жоболоштурду

fff

2016-жылдын 1 айында Кыргыз Республикасынын аймагында курулуш ишин жүргүзүүгө 36 лицензия жол-жоболоштурулду. 36 лицензиянын ичинен регион боюнча алганда: Бишкек ш.- 18, Чүй областы-4, Ысык-Көл -2, Ош-5, Баткен-2, Жалал-Абад-4, Нарын-1. Жалпы жол-жоболоштурулган лицензиянын ичинен 21 уюм алгачкы жолу лицензия алгандыгын белгилей кетүү керек. Лицензия алууга 47 арыз кабыл алынган. Ошондой эле регулятивдик ишмердүүлүк бөлүмү тарабынан курулуш тармагындагы адистерге 94 мамлекеттик квалификациялык сертификат берилген. Иштин түрлөрү боюнча бардыгы төмөнкүдөй: — долбоорлочулар — 38 — изилдөөчүлөр — 4 — инжиниринг кызматтары боюнча адистер — 20 — курулуш материалдарын жана конструкцияларды өдүрүү боюнча адистер — 2 — КМИ боюнча адистер — 30