icon__chevron-right icon__clock icon__file icon__log-out.svg icon__map-pin icon__phone icon__plus icon__search Ресурс 1 Ресурс 2

Госстрой жөнүндө

Биздин максатыбыз

Мамкурулуштун максаты – архитектуралык жана шаар куруу ишмердүүлүгүн, турак жай-коммуналдык чарбаны, ичүүчү суу менен камсыздоону жана канализацияны өнүктүрүү аркылуу Кыргыз Республикасынын жарандары үчүн туруктуу жашоо чөйрөсүн түзүү болуп саналат.

Биздин милдеттер

Мамкурулуштун негизги милдеттери болуп төмөнкүлөр саналат:

  • архитектуралык-курулуш иши, турак жай-коммуналдык чарба, ичүүчү суу менен камсыздоо жана канализация тармагында бирдиктүү мамлекеттик саясатты иштеп чыгуу жана ишке ашыруу;
  • Этейлеген тармактарында эл аралык уюмдар менен мамилелерде Кыргыз Республикасынын атынан чыгуу, ошондой эле Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган эл аралык келишимдерден келип чыккан милдеттенмелердин аткарылышын камсыз кылуу;
  • архитектура-курулуш иши чөйрөсүндөгү ченемдик укуктук актылардын, техникалык регламенттердин талаптарынын сакталышын камсыз кылуу;
  • мамлекеттик техникалык регламенттерди иштеп чыгуу, архитектуралык-курулуш иши, стандарттар, курулуштун бардык түрлөрү үчүн жер участокторун тандоо, инженердик-геологиялык изилдөөлөр, долбоорлоо, архитектура жана шаар куруу, курулуш, курулуш материалдары, буюмдар жана конструкциялар, турак жай-коммуналдык чарбаны өнүктүрүү жана ичүүчү суу менен камсыздоо жана саркынды сууларды чыгаруу чөйрөсүндө курулуш ченемдерин жана эрежелерин иштеп чыгуу жана бекитүү жаатында тармактар аралык координациялоону жана жөнгө салууну ишке ашыруу;
  • республикалык бюджеттин каражаттарынын эсебинен каржылануучу социалдык курулуш объекттерин жана ичүүчү суу менен жабдуу жана саркынды сууларды чыгаруу системаларынын объекттерин, эл аралык долбоорлорду жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келбеген башка булактарды куруу, калыбына келтирүү жана реабилитациялоо боюнча иш-чараларды ишке ашыруу